Фонд

Википедия дан

Фонд – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мүчөлүккө ээ эмес, жарандар жана/же юридикалык жактар тарабынан өз ыктыярдуу мүлктүк пайлардын негизин-де уюштурулган, социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуу жана башка коомдук пайдалуу максаттардагы коммерциялык эмес уюм. Анын уюштуруучулары Ф-го өткөрүп беришкен мүлкү Ф-дун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү уюштурушкан Ф-дун милдеттенмелери боюнча, ал Ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ф. мүлктү анын уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]