Фор (эл)

Википедия дан

Фор (фур fòòrà, араб فور‎; фур) — эл. Судандын түштүк-батышында, тоолу Дарфур регионунда (Джабаль Марра деген жерде) жашайт. Аз сандуу топтор Чад, Египет, БАР өлкөлөрүндө жашайт.
Кун­га­ра, тунд­жа­ра жана дад­жу топторуна бөлүнөт.

Фор
Мамлекеттер жана аймактар

 Судан — 1,1 млн (2016)

 Чад — 30~100 миң
 Египет — 5 миң
 БАР — 3 миң

Тили

фор

Дини

сүннөттүк Ислам (маликит мазхабы)

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тили — фур же конджара. Конджара Фур уясына кирет. Фур уясы гипотезалык Нил-сахара макробүлөнүн курамына кирет. Фордун көпчүлүгү араб тилин билет.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диний жактан Исламдын сүннөт багытын (маликит мазхабы) тутушат. Анимизмдин таасири калган.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фор — байыркы эл. Дарфур мамлекетинде (XVI к. — 1916ж.) этникалык негизин түзгөн. Сулейман Солонгдун тушунда (1596-1637жж.) ислам Дарфурдун мамлекеттик дини катары таанылган. Анын урпактары Дарфурдун чыгыш чек арасын Атбара дарыясына чейин кеңейтишкен. Мамлекет күчтүн туу чокусуна 18 кылымда жеткен. Мечиттер курулуп, диний билим өнүккөн. Дарфур Чыгыш Африканын кул соодасынын ири борборуна айланган.
1899-жылы британ жана египет аскерлери Дарфурду Суданга кошуп алган.
Дарфур жаңжалында (2003-2020жж.) фур эли геноцидге дуушар болгон. Көчмөн араб-джанджавиддер фор элине каршы террор жана жерлерден кууп чыгуу саясатын жүргүзүшкөн. Араб-джанджавиддер Судандын түндүгүнөн көчүп келишкен, анткени Судандын түндүгүндө жашоого жарактуу жерлерди чөл басып кетти.
Фор элинин улуттук кыймылдын желеги

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сугат дыйканчылык (күрүч, буудай, таруу, жашылчалар, пахта) жана малчылык (уй, кой, төө).

Кол өнөрчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • темир устачылык;
  • карапачылык;
  • зергерчилик;
  • килем токуу;
  • сөөк оюу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]