Франц Шуберт

Википедия дан

Шуберт Франц Петер (31. 1. 1797, Венага жакын Лихтенталь - 19. 11. 1828, Вена) - австриялык композитор. Атасынан (скрипка), агасынан (фортепиано), чиркөө регентинен (ырдоо) таалим алган.

1808-ж. Шуберт сарай капелласына «ырчы бала» катары кабыл алынып, В. Ружичка, А. Сальериден окуган. Шуберт - музыкалык романтизмдин ири өкүлдөрүнүн бири. Анын чыгармалары 1821жылдан кеңири тараган.- Шуберт 600дөй ыр, көптөгөн хор, кантата, ораториялар, 7 симфония, фортепиано үчүн чыгармалар, бий музыкаларын (400дөн ашуун) жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4