Хелен Филдинг

Википедия дан
Хелен Филдинг (2009)

Хелен Филдинг (англ. Helen Fielding) - англиялык жузуучу-романист жана сценарист, жашоонун маңызын издеп жүргөн, жашы отуздар чамасындагы Брижит Жонс каарманын жаратуусу менен таанымал. "Брижит Жонстун күндөлүгү" (англ. Bridget Jones's Diary, 1996) жана "Брижит Жонс: Акылдын чеги" (англ. Bridget Jones: The Edge of Reason, 1999) 40 өлкөдө басылып чыгып, 15 миллиондон ашык нускасы сатылган. Дүйнөлүк аренада, жазуучунун романдары боюнча тартылган эки тасма ийгиликке жеткен. The Guardian гезитинин сурамжылоосу боюнча, "Брижит Жонстун күндөлүгү" 20-кылымды мүнөздөп көрсөткөн 10 эң мыкты романдарынын бири болгон.

2013-жылдын күзүндө басылып чыккан "Брижит Жонс: Сүйүү акылдан адаштырат" (англ. Bridget Jones: Mad About the Boy) романы, Улуу Британияда, бир күндүн ичинде, жаңы чыккан китептин 46 000 нускасы сатылган. Ал The Sunday Times гезитинин эң көп сатылган китептердин тизмесинин биринчи катарын 6 ай бою ээлеген. Сара Лиолл The New York Times гезитине романдын "кескин жана күлкүлүү" болгонун жазып, Филдингтин башкы каарманы мурункуга караганда тамашалуу жана кызыктуу каарманга айланганын белгилеген2016-жылдын аягында "Брижит Жонс 3" (англ. Bridget Jones's Baby, сөзмө-сөз: Брижит Жонстун баласы) тасмасы жарыкка чыккан. Independent гезитинде жазган колонкаларда негизделген жана тасмасынын чыгуусу менен британиялык кассаларын толтурган Филдингтин алтынчы романы 2016-жылдын 11-октябрында жарыкка чыккан.

2004-жылы, Би-би-синин сурамжылоосу боюнча, Филдинг, "Улуу Британия маданиятынын эң таасирдүү инсандары" тизмесинде 29-орунду ээлеген. 2016-жылдын декабрында, Би-би-синин Woman's Hour радиоберүүсү боюнча, Брижит Жонс, акыркы он жылдыктын ичинде британиялык аялдар маданиятына таасир кылган жети аялзатынын бири болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]