Хирошима

Википедия дан
Хирошима.

Хирошима - Япониядагы шаар. Хирошима префектурасынын адм. борбору. Хонсю а-нын түштүкбатышында. Калкы 1,2 млн (2012). Эл аралык аэропорту бар. Япон денизинин жээгиндеги порточо Ири өнөр жай борбору. Машина куруу (а. и. автомобиль жана өнөр жай жабдууларынын комплекти), химиялык, жыгаччылык, жеңил, текстиль, металлургия, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. Хирошима мамлекеттик университети), тарыхый-маданий эстеликтер (а. и. Ридзё сепили, Фудоин будда храмы), музейлер, эс алуу парктары ж. б. бар.

Шаар 16-кылымдан феодал сепилинин чегинде пайда болгон. Хирошимага 1945-ж. 6-августта АКШ 1-атом бомбасын таштаган. Хирошиманын көп бөлүгү талкаланып, 140 миң адам курман жана жарадар болгон. 1996-жылдан Тынчтык Паркы - арх-ра-парк символ ансамбли (1951-52, К. Тангэ ж. б.; Хирошимада курман болгондорго эстелик, мемор. музей, Генбаку кумпасы) Буткул дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4