Цезура

Википедия дан

Цезура (лат. – жаруу, кесүү) – ыр жолдорундагы сөздөрдү ажыратуу, паузанын бир түбү. Кичине Цезурада ыр саптарындагы сөздөр бири-биринен ажыратылып турса, чоң Цезурада ыр жолу таптакыр экиге бөлүнөт. Мисалы,
Кайда жүрбөйт // эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек // ата-эненин көз жашы.
Эгер “кел” деп, // Ата Мекен чакырса,
“Аманбыдан” // “кош” деп айткан сөз жакшы!

(А. Осмонов)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]