Чад тилдери

Википедия дан

Чад тилдери - Батыш жана Борбордук Африкага тараган тилдер тобу (к. Семит-хамит тилдери).

Африка Азия тилдерине кирет. Генезиси боюнча төмөнкү топчолорго бөлүнөт:

1) батыш чад (Түндүк Нигерия) - а) хауса; б) ангас, сура, герка, анкве, монтол; в) карекаре, болева, нгамо, канакуру (дера); г) варжи, паа (афа); д) баде, нгизим, е) рон (фьер, бокос, ша кулере) ж. б.;

2) борбордук чад (Түштүк-Чыгыш Нигерия, Түндүк Камерун, Чад) - а) хера, гаанда; б) бура-пабир, марги, килба (хыба); в) лиги, бата; г) лааманг (хидкала) ж. б.; д) вандала (мандара), гамергу, падуко, главда; е) сукур, матакам, гисига; ж) даба; з) гидер; и) логоне, будума ж. б.; к) мусгу, маса ж. б.;

3) чыгыш чад (Чад, Борбордук Африка Империясы) - кера, нанчере, сомрай, модгел, сокоро, муби, тумак, тубури ж. б. Чад тили бардыгы болуп 150дөн ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9