Чиветел Эжиофор

Википедия дан

Чиветел Умеади Эжиофор (англ. Chiwetel Ejiofor;айтылышы: ˈtʃuːwᵻtɛl ˈɛdʒi.oʊfɔːr/ CHEW-i-tel EJ-i-oh-for; 1977-жылдын 10-июлунда туулган) — англиялык актер болуп саналат. 1995-жылы Улуттук жаштар театрында тапшыргандан кийин жана Лондон музыка жана драма көркөм-өнөр академиясынын стипендиясын алган соң Эжиофор 19 жашында Стивен Спилбергдин "Амистад" (англ. Amistad, 1997) тасмасында экинчи пландагы Жэймс Ковинин ролун аткарган.

Эжиофор "Кир жакшынакай нерселер" (англ. Dirty Pretty Things, 2002), "Серенити" (англ. Serenity, 2005), "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" (англ. 12 Years a Slave, 2013), "Доктор Стрэнж" (англ. Doctor Strange, 2016) жана "Марстык" (англ. The Martian, 2015) тасмаларында тартылган. "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" тасмасы үчүн ал "Оскардын", "Алтын глобустун" жана "БАФТАнын" "Эң мыкты актер" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал 2014-жылы "Кырдагы бий" сериалындагы эмгеги үчүн "Эмминин" "Кичисериалдардагы же тасмадагы эң мыкты актер" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Эжиофор 2006-жылы "БАФТАнын" "Жаңыдан чыгып келаткан жылдыз", "Алтын глобустун" эки номинациясына жана 2008-жылы "Отеллодогу" ролу үчүн Лоуренсе Оливердин "Эң мыкты актер" сыйлыктарга татыган жана көрсөтүлгөн. 2008-жылы ал көркөм-өнөргө кылган кызматы үчүн каныша Элизабет IIнин "Британия империясынын офицер ордени" менен сыйланган. Ал 2015-жылы канышанын туулган күнүнө арналган сыйлык тапшыруу аземинде "Британ империясынын командир ордени" наамы менен даражасы көтөрүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]