Чоң кыскартуу (тасма)

Википедия дан
Чоң кыскартуу (тасма)

Театралдык чыгарылышынын постери
Режиссеру Адам МакКей
Продюсер Dede Gardner, Jeremy Kleiner, Arnon Milchan, Brad Pitt
Сценарийи Charles Randolph Адам МакКей
Оператору Barry Ackroyd
Негизинде The Big Short
Тартылгандар Кристиан Бэйл, Стив Кэрэлл, Райан Гослиң
Музыкасы Nicholas Britell
Студия Regency Enterprises, Plan B Entertainment
Жайылтуучу Paramount Pictures
Чыккан жылы 2015
Узактыгы 130
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Бюджети $28 миллион
Киреше $133 million[1]

Чоң кыскартуу (орус. Игра на понижение) — 2015-ж. Адам Маккей тарабынан жана анын автордоштугу менен тартылган америкалык биографиялык комедиялуу драма кинотасмасы. [2] 2010-ж. ошондой эле аталышта чыккан, 2007-2008-жж. турак-жай курулушу жана экономикалык көбүктөн улам жаралган финанасылык кризис тууралуу чыныгы окуяга негизделип жазылган Майкл Лүисттин китеби боюнча тартылган.[2]  Кинотасмада башкы каармандарды Кристиан Бэйл, Стив Кэрэлл, Райан Гослиң жана Брэд Питт ойношкон.

Paramount Pictures тарабынан таратылган, тасма АКШда чектелген прокатка 2015-ж. 11-декабрында, кеңири көрсөтүүгө 2015-ж. 23-декабрында чыккан. [3][4] Тасма "Оскар" сыйлыгына беш номинация боюнча - "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Экинчи пландагы мыкты актер" (Бэйл) жана "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" үчүн көрсөтүлүп,  "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" көрсөтүлүшү боюнча жеңишке жетишкен. 

Сценарий[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-ж. хедж-фонддун апенди чалыш менежери (Кристиан Бэйл) ипотекалык кредиттөөгө негизделген турак-жай тармагынын абалы кредиттердин кайтарым деңгээли улам төмөндөп бара жаткандыктан өтө тобокелдүү жана абдан туруксуз болуп калгандыгын билет. 2007-ж. экинчи чейрегинде тармак кыйраарын баамдап, эгер кредиттик дефолт свопторун түзө алса, ал базарга каршы ойноп, бул абалдан олжо көрө алаарын түшүнөт. Ал бул идеясы менен бир нече башкы банктарга жана инвестициялык диллерлерге кайрылат. Турак-жай базары коопсуз экендигине ишенген ишканалар анын сунушун кабыл алышат. Бул акчаларыбызды жөнү жок коротуп жатат деп түшүнгөн Барринин кардарларынын жинин келтирет жана алар бул ишти токтотууну талап кылышат, бирок ал макул болбойт. Болжонгон мезгилде кыйроо башталганда, анын инвесторлору ишенимин жоготушуп, акчаларын чыгарып кеттүү ашыгышат, бирок Барри инвесторлорунун катуу ачуусуна карабастан, инвестициялык келишимге таянып, акча чыгарууга мораторий киргизет. Ага карабастан, ал айткандай эле базар кыйрап, ал планынан 489% пайда табат.

Трейдер Жаред Вэннэтт (Райан Гослинг) иштешкен банкирлердин биринен Барринин аракети жөнүндө угуп калат жана Барринин божомолу чын болуп чыгышы мүмкүн экендигин түшүнөт. Ал өзүнүн активдерин кредиттик дефолт своп базарына салууну чечет. Адашып түшкөн чалуудан улам хедж-фонддун жетекчиси Марк Баум (Стив Кэрэлл) дагы буга көңүл буруп, Вэннэтти анын планына кошулууга ынандырат. Бул экөө базардын айныгыс кыйроосун, начар кредиттердин бир таңгакталып камсыздалган карыздык милдеттенмелер (CDO) катары сатылышы, аларга ААА рейтингинин туура эмес берилиши, бул жердеги кызыкчылыктардын конфликти, рейтингдик агенттиктиктердин уятсыздыгы абалды андан ары дагы тереңдетип жаткандыгын аныкташат.

Баум Лас-Вегастагы Американын Секүритизация Форумуна катышып, кайтарылбас кредиттердин баасын уламдан-улам өстүүргөн синтетикалык CDO'лорду жараткан ишкер Чау менен маектешет. Баум, көз бойомочулуктун масштабынан үрөй учат жана бул экономикасынын толук кыйрашына себеп болоорун түшүнөт. Баумдун бизнес-өнөктөштөрү банкттарга каршы кредиттик свопторду ойноого ынандырышат.

Венеттин документи жаш ынтызар инвесторлор Чарли Геллер (Жон Магаро) жана Жейми Шиплейдин (Финн Уиттрок) колуна кокустан тийип калып, алар дагы кредиттик свопторду ойноого бел байлашат. Алар ISDA шартына туура келгендей жана абалдан пайда табуу үчүн соода кылганга жетиштүү капитал табуу максатында, өргүүгө чыккан банкир Бэн Рикэртге (Брэд Питт) жардам сурап кайрылышат. Үчөө Лас-Вегастагы Американын Секүритизация Форумуна барышып, ал жерден ийгиликтүү келишимдерди түзүшөт. Шиплей менен Геллер башында катуу сүйүнүшөт, бирок Рикэрт алар иш жүзүндө кирип келаткан экономикалык кыйроону жана жашоодогу боло турган жоготууларды майрамдап жатышканын айтып, алардын демин басат. Экөө муну түшүнүп, кирип келе жаткан кыйроо тууралуу прессага жана өз үй-бүлөөлөрүнө маалымдоо аркылуу абалга туура келген эмоциялык колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат. Акыр-аягы, алар зор олжо табышат, бирок система бузулду деген ишенимин сактап калышат.

Барри тийип-качып иштеп, сууга гана инвестиция кылып калат. Баум «Мен силерге айткам» деп айткандан баш тартып, өз ишин уланта берет. Рикэрт өргүүсүнө кайтат. Шиплей жана Геллер рейтингдик компанияларды сотко бергенге ийгиликсиз аракет кылышат, кийинчерээк үй-бүлөө куруу үчүн Түндүк Каролинадагы Шарлоттага көчүп кетишет. CDO чыгарууга катышкандардын эч кимиси камалбайт, Bespoke CDO'лор жакын арада кайра сатылып башталганы айтылат.

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Big Short (2015). Текшерилген күнү 12 Апрель 2016.
  2. 2.0 2.1 Paramount Taps ‘Anchorman’ Helmer Adam McKay To Adapt And Direct Michael Lewis’ ‘The Big Short’ About Economic Meltdown, deadline.com (March 24, 2014). Текшерилген күнү 18 Апрель 2015.
  3. Paramount pushes 'The Big Short' into awards season. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2015.
  4. The Big Short | Trailer & Movie Site | December 2015. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2015.