Чымкөң

Википедия дан
Чымкөң.

Чымкөң - саз өсүмдүктөрүнүн узак убакыт сууга чыланып, аба жетишсиз шартта чала чириндиге айланган калдыктарынан пайда болгон күйүүчү зат, көң.

Өңү кара, кара күрөң, саргыч болот. Составында көмүртек (50 - 60%), суутек, көмүр кычкыл газы, азот, күкүрт болот. Жылуулук чыгаруу энергиясы 11 - 13 мж/кг. Чымкөң отун, о. эле жер семирткич, химиялык сырьё алуу үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2