Ынтымак деңизи

Википедия дан

Ынтымак деңизи - Түштүк океанында, Чыгыш Антарктиданын жээктеринде.

Эндерби Жери менен Батыш шельф муздугунун аралыгында жайгашкан. Аянты 260 миң км2те жакын. Тереңдиги 500 жден (түштүгүндө) 3000 мге чейин (түндүгүндө). Жылдын көпчүлүк мезгилинде калкыма муздар менен капталган; айсбергдер көп. Жээгинде австралиялык Моусон жана Дейвис илимий станциялары жайгашкан. 1962-ж. советтик антарктикалык экспедициянын катышуучулары Антарктидада ар кандай мамлекеттердин биргелешип изилдөөлөрүнүн урматына атаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4