Элам

Википедия дан

Элам - Тигр дарыясынын төмөнкү агымынын чыгышы менен Иран тайпак тоолорунун түштүк-батыш бөлүгүндө (азыркы Ирандын Хузистан жана Луристан областтарынын аймагы) жайгашкан байыркы мамлекет (б. з. ч. 3-миң жылдык-6-кылымдын ортосу).

Борбору - Сузы шаары Элам алгачкы кул ээлик мамлекет болгон. 3-миң жылдыктын 2-жарымында Аккад мамлекетине карап, кээде анын бийлигинен бошоно калып турган. Өз алдынчалыкка Аван династиясынын акыркы падышасы Пузур -Иншу шинактын (б. з. ч. 23- 22-к.) тушунда жетишкен. 14-кылымдын 2-жарымында Эламды касситтер каратып, андан падыша Унташ - Напириштин (б. з. ч. 1275-1240) тушунда бошонгон.

Элам Шутрук - Наххунт I (1185-1155) падышалык кылган учурда Вавилониядагы касситтер династиясын кулатып (1155-ж. ченде), аймагын кыйла кеңейткен. 12-кылымдын аягында Элам кош өзөндүн түштүгүн Вавилонияга кайра тарттырып жиберген. Элам дын кийинки тарыхы белгисиз. 8-7-кылымда Элам Вавилония менен союздашып, Ассирияга каршы күрөшкөн. Б. з. ч. 639-ж. Эламды Ассирия, б. з. ч. 6-кылымдын башында Мидия, кийин персиялыктар караткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.