Электрография

Википедия дан
Электрогра́фия.

Электрогра́фия (ксерография) - тонерди (кургак сыя) көчүрүү үчүн электр дүрмөтүн колдонгон репрография методу. Лазер принтерлер жана көчүрүү аппараттары электрографиянын принциби менен иштешет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Электрографияны Честер Карлсон ойлоп тапкан. Биринчи оттискин жардамчысы Отто Корней менен бирге 1938-жылы 22-октябрда Нью-Йорктогу үй лабораториясында алган. Бул технологиянын патенти 1942-жылдын 6-октябрында алынган. Карлсон узак убакыт бою өз табылгасынын бизнес жүргүзүү үчүн зарыл экендигин далилдеп, жайылтууга аракет кылса да, ага табылгасынын өтө эле чоң экенин, кагазды көп булгарын жана көчүрүү ишин адамдар бир топ жакшы аткарышарын айтышып, сунуштарын четке кагышкан. Ал мүдөөсүнө 1944-жылы Огайо штатында жайгашкан Battelle Institute'та жеткен. Ал жерде технологияны жакшыртууга мүмкүнчүлүк беришкен. Ал тургай, "электрофотография" деп, бул процестин так аталышын табышкан. Андан кийин көчүрүү аппараттарын иштеп чыгуу жана өндүрүү лицензиясын Haloid Company фирмасы алган. Фирма ээлери "электрофотография" аталышы абдай илимий болуп, аларманды чочутуп койорун ойлошкон. Ылайыктуу аталыш тандоого жергиликтүү филолог-профессор жардам берген Ал байыркы грек тилиндеги ξερός "кургак" жана γράφω "жазам" деген сөздөрдү айкалыштырып, "ксерография" терминин ойлоп тапкан. Кийинирээк табарман Карлсон бул сөздү өзү жөнөкөйлөтүп, "ксерокс" кылган. Натыйжада 1948-жылы рынокто биринчи ксерокстор пайда болгон. Алгачкы модел жөн гана Model A деп аталган. 1959-жылы толук автоматташтырылган Xerox 914 модели чыккандан кийин Haloid компаниясы аталышын Xerox Corporation деп өзгөрткөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]