Эмерек

Википедия дан

Эмеректиричилик жана өндүрүш буюмдары. Азыркы эмеректердин материалына жана колдонулушуна жараша көп түрү бар: турак жай үчүн, коомдук жана өндүрүштүк имараттар үчүн, балдар эмереги, оорукана, эс алуу үйлөрү жана башкалар үчүн чыгарылат. Эмерек жасоодо жыгач, металл, пластмасса жана башка материалдар пайдаланылат. Азыркы мезгилде шкаф же шкаф топторунан жана түрдүү секциядан түзүлгөн, башкача айтканда биринин үстүнө бири орнотулма жана түрдүү максатта колдонулуучу эмеректер кеңири таралган. Эмеректи даярдоодо адамдын бою жана жаш өзгөчөлүктөрү эске алынышы керек. Туура эмес жасалган же тандалган стол, парта, орундуктар омуртканын кыйшайышына, булчуңдун артык баш чыңалуусуна жана адамдын бат чарчоосуна түрткү берет. Өндүрүштүк эмерек жумушчулардын булчуңдарына көп күч келтирбей, денеге таяныч болуп, булчуң күчү бирдей таралып, азыраак чарчоосун камсыз кылууга тийиш. Балдардын мебели ар бир баланын боюна жана денесине ылайык даярдалып, анын келбетинин туура калыптанышына шарт түзүү керек. Кыргызстанда түрдүү өлчөмдө, анын ичинде наристе балдар жана мектепке чейинки балдар үчүн да чыгарылат. Көлөмү өзгөрүлмө эмерек пайдаланууга ыңгайлуу. Балдар эмереги жумшак, кырлары жумуру, жууганга ыңгайлуу болуп даярдалат. Керебети металл же жыгачтан жасалат. Аны эшик, терезе, ысытуучу приборлордон алыс, шамал тийбегендей, жарык бөлмөгө орнотуу керек. 6 айга чейинки балдардын керебети бийик, бирок капталы жапыз болгону оң, 6 айдан ашкан балдардын керебети жапыз, бирок капталы бийик болууга тийиш. Балдар олпогу жалпак, жууганга оңой материал менен шыкалып толтурулат да, сыртына каптама кийгизилип, аны жумасына 1 — 2 жолу жууп туруу керек. Мезгил-мезгили менен төшөк, шейшептерди күнгө жайып, шамалдатып туруу зарыл. Балага жумшак олпок жарабайт, анткени ал ысытып жиберет жана бала келбетинин туура эмес калыптанышына түрткү берет. Бала олтуруп калгандан кийин аны бийик орундукка отургузуп тамак берүү сунуш кылынат. Кичине балдар ойгоо турган убакытта балдарды манежге жайгаштырса болот. Балдар оюнчуктарын жабык шкафтарда же текчелерде алардын бою жеткидей коюу керек. Балдардын эмеректерин таза сактап, күнүнө сүртүп туруу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8