Юнона

Википедия дан

Юнона (символ: ⚵, лат. Iuno) астрономияда - кичи планеталардын эң чоңдорунун бири (№ 3). Өлчөмү 290x245 км, Күнгө чейинки орточо аралыгы 2,67 а. б., орбитасынын эклиптикага болгон жантаюусу 13,0°, эксцентриситети 0,256, орточо жылдыз чоңдугу 8,7, диаметри 233 км, альбедосу 0,23.

Күндөн Юнонага чейинки аралык 1,99-3,55 а. б. Юнона 4 ири кичине планетанын өтө жарыгы. Күндүн чыгышын эсептөө жазгы күн-түндүн теңелишин көрсөтүүчү чекиттин жайгашуусун жана жылдыздар каталогдорунун экваторунун жайгашуу абалын аныктайт. 1804-ж. немец астроному К. Хардинг ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4