Өзгөрмө жылдыз

Википедия дан

Өзгөрмө жылдыз – көзгө көрүнгөн, жылтыроосу өзгөрмө жылдыз.

Ал өзгөрүүлөр ошол жылдыздардын температурасынын, радиусунун өзгөрүшүнө, конвекциялык кыймылына жана башкага байланыштуу болот. Бир караганда айрым жылдыздар дайыма эле бирдей жылтырап тургандай көрүнгөнү менен жакшылап байкаганда кээде жаркырап, кээде бүлбүлдөп көрүнөт. Галактикада байкалган өзгөрмө жылдыздын жалпы саны 40 000дей, ал эми башка галактикада 5 000ден ашык.

Өзгөрмө жылдыз үч чоң класска бөлүнөт: пульсациялоочу, эрупциялуу (жарылма) жана өчүүчү кош жылдыздар. Пульсациялоочу жылдыздардын жаркырашы өтө жай өзгөрөт. Ага цефеиддер, Лира жана башкалар кирет. Эрупциялуу жылдыздарга бир жолу же кайталап жарылган сыяктуу бир жарк этүү мүнөздүү. Ага өтө жаңы жылдыздар, жаңыга окшош жылдыздар жана башкалар кирет. Пульсациялануучу жана эрупциялуу жылдыздар физикалык өзгөрмө жылдыз деп аталат.

Өзгөрмө жылдыздарды байкоо – өзгөрмө жылдыздарга байкоо жүргүзүү үчүн талаа дүрбүсү, АТ-1 астрон. түтүгү, ТЗК, БМТ-110 бинокуляры, комета издегичтер колдонулат. Өзгөрмө жылдыздарды байкоо андай жылдыздардын жарк этишинин закондорун үйрөнүүгө, жарк этүүсүнүн өзгөрүшүнүн мезгилин жана амплитудасын тактоого, алардын тибин аныктоого жана башка мүмкүндүк түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов