Өтүк

Википедия дан

Өтүк — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу, булгаары өтүк, миз таман.

«Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк жеке, жекесаң, упуке, накери, кырмызы маасы деген бут кийимдердин аттары көп кездешет. Ошондой эле алардын кандай шарттарда жана максатта кийилгендиги кеңири айтылат. Булардын ичинен эң баалуу жана аземдүүсү Көк жеке өтүгү. Ал эркектердин кымбат баалуу бут кийими. Аны бир гана эл башкаруучулар кийген. Кээде бийик такасы көңдөй жасалып, жылаажын салынып коюлган.

Жасалгалуу өтүктөрдү, дегеле кийимдерди алтын, күмүш чөгөрүп, кооздоо ыкмасы II—VI кылымдарда Борбордук жана Орто Азия, Жакынкы Чыгыш аймактарында жашаган көчмөн элдерде айрыкча таралганы тарыхтан маалым.

Көчмөңдүү турмушта ат жалында күн өткөргөн элибиздин тынымсыз көчтөрүндө жекесан коңгуроо тагылган төө жетектеп, күмүш жабдыктуу ат минип, ала тамак шөкүлө, чачпактардын шаңгыраган үнүнө үн коштуруп жыбылжыган жылаажындуу «көк жеке» өтүк, намеркан маасы кийишкен кыз-келиндер өздөрү жашаган айылдын көркү болушкан.

Өтүк кара малдын терисинен иштетилген булгаарыдан жасалат. Бүтүндөй кайыш менен тигилет. Атка минип, түшкөн ыңгайлуу болуш үчүн тумшугу учтуураак келип, жогору карай азыраак кайкалап турган. Таманын жана апкытын кабатталган кайыш менен калыңдатып, өкчөсүн бийик жасап, алдыңкы бетиндеги атайын жасалган оюкка же кончуна коңгуроо тагылган. Ошондой эле узун келип, тизени жаап турган. Ал эми кончтун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө, отуруп турууга ылайыкташтырылган. Муну ултарууда адегенде анын кончун, башын жана апкытын бычат да, үчөөнү бириктире илме шибеге менен кайыйт. Эми кеп жыгачты салуу үчүн ич таманды жаткызып алат да, өтүктүн башы жана апкыттын жээктерин ич тамандын үстүнө керип, узундугу 1,5 смдей жыгач мыкты урат. Өтүкчүлөр кайыңды араалап, тапка кургатып, жука тилип, бир башын эки кыр учтап, жыгач мыкты өзүлөрү жасап алышат. Андан кийин сырт таман коюлуп, урулган мыкты өтүктүн ич таманы кармайт да, өтүк така урулат. Кайың мык сууга тийсе, ого бетер көөп, бекиткен жерин катуу кармайт. Ал эми темир мыкты дат басат да, бат эле чирип калат. «Келинге кете кийгизип, кызматын журтка тийгизип» (кете — куш тумшуктанган бут кийим) — деп, элдик эпостордо айтылат.

Ултаруу көбүнчө эркектерге таандык өнөр болгон.
Өтүк узун кончтуу, такалуу болгондуктан кончуна чийме сынпос (булгаарыга түшкөн кооздук) берилген. Ал башка көп буюмдарына түшкөн оюм-чийимдерден анча айырмаланбайт. Кыз-келиндердин өтүгүнүн өкчөсүнө өтүкчүлөр жылаажын коюшкан. Ал басып турганда кулакка угулаар-угулбас жагымдуу үндү берген.

Өтүктүн накери, мөкү жана башка түрлөрү болгон. «Алтындан наалы, жез өкчө, Айдаркан уулу эр Көкчө» — деп «Манаста» сүрөттөлөт. Бир кездердеги элдин кол өнөрүнөн, чексиз талантынан жаралган ажайып кооздуктагы байыркы элдик кийимдерди өткөндүн ыйык белеги, сулуулуктун сүйкүмдүү көркү катары кийинки муундарга мурас кылып калтыруу биздин милдетибиз гана эмес, күндөлүк жашоо-турмушубуздун бир бүтүндүгү болууга тийиш.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)