Жорж Гордон Байрон

Википедия дан
Байрон Жорж Ноэл Гордон‎»‎ барагынан багытталды)
Жорж Гордон Байрон
Туулгандагы ысымы:

Жорж Гордон Байрон

Туулган жери:

Лондон, Англия, Улуу Британия Падышалыгы

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Ишмердүүлүгү:

акын

Жанр:

Поэма

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Жорж Гордон Байрон - (22. 1. 1788, Лондон 19. 4. 1824, Миссолунги, Грекия) англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара» (1814) аттуу поэмаларында 19-кылымдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке башийбеген бунтчул жана индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган.эржан коток

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4