Байтурсынов Ахмет

Википедия дан

Байтурсун уулу Ахмет - (28. (15). 1. 1873, азыркы Костанай областы, Жангелдин району, Сарытүбек айылы -8. 12. 1938, Алматы) казак элинин 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылын жетектегендердин бири, мамлекеттик ишмер, акын, публицист, казак тили жана адабият таануу илимдерине негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан. Торгойдогу эки жылдык орус-казак мектебин (1891), Оренбургдагы төрт жылдык мектепти (1895) бүтүргөн. 1895-1909-ж. Актөбө, Костанай, Каркаралы уездериндеги орус-казак мектептеринде, Каркаралы шаардык окуу жайында эмгектенген. 1905-ж. 14500 адам кол койгон орус бийлигине жиберген Каркаралы петициясынын авторлорунун бири. Ошол мезгилден тартып, жандармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Тройницкийдин буйругу менен 1909-ж. Семей түрмөсүнө камалат жана атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург шаарына (1910-17) жер которуштурат. Бул жерде 1913-18-ж. А. Бөкөйхан, М. Дулат уулу менен биргелешип, улуттук тунгуч «Алаш» гезитин чыгарышкан. Алар ошол эле «Алаш» партиясы менен «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Жалпы казак курултайында Алаш өкмөтүнүн окуу-агартуу комиссиясынын төрагалыгына, 1919-ж. өкмөттүн Торгой област бөлүмүнүн мүчөсү, РСФСР Эл комиссарлар Совети менен Казак аскердик-революциялык кенешинин төрагасына орунбасарлыкка дайындалган. Анын демилгеси менен «Алаш ордонун» жетекчилери менен мүчөлөрүнө Совет өкмөтүнүн кечирими жарыяланган. 1920-ж. В. И. Ленинге Совет өкмөтүнүн Казакстанды башкаруу ишиндеги кемчиликтерин сындаган кат жолдогон. Казакстан менен Россиянын чегарасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-ж. Костанай уездин Челябинск облусуна кошуу тууралуу чечимине каршы Байтурсун уулудун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын курамына калтырууга негиз болгон. 1920-25-ж. Казак Республикасынын Эл агартуу комиссары, илимдер адабий комиссиясынын, өлкөнү изилдөө коомунун төрагасы, Оренбургда, Ташкендеги эл агартуу институтунда, Казак Мамлекеттик университетинде иштеген (казак тили менен адабияты, маданияты боюнча лекция окуган). 1929-ж. Алаш кыймылын жетектеген 43 адамдын ичинде Байтурсынов да айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган жана 1937-ж. атылган. Казак элинин 20-кылымдын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал» (1909), «Маса» (1911) аттуу чыгармалары жарык көргөн, ошондой эле орус классик-акындарынын чыгармаларын да которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4