Барто Агния Львовна

Википедия дан

Барто Агния Львовна (4 (17). 2. 1906-ж. т. ) - орус совет акыны.

Балдар үчүн жазат. Чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. "Кичинекей бир туугандар" (1928), "Кежир бала" (1934), "Оюнчуктар" (1936), "Снегирь" (1939) ж. б. ыр жыйнактарын чыгарган. Ага "Балдар үчүн ырлар" (1949) китеби үчүн СССР Мамлекеттик сыйлык (1950), "Гүл издеп кышкы токойго" ыр жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган (1972).

Анын ырлары үчүн тилдин жөнөкөйлүгү, ачыктык, жумшак юмор мүнөздүү. Бартонун чыгармалары СССР жана дүйнө элдеринин тилдерине которулган. "Кичинекей бир туугандар" (1937), "Балдар үчүн" (1954), "Машенька" (1961) ж. б. ыр жыйнактары кыргыз тилинде да чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.