Батыш Сибирь түздүгү

Википедия дан
Батыш Сибирь түздүгү.
Васюган.

Батыш Сибирь түздүгү, Батыш Сибирь ойдуңу - жер шарындагы эң ири аккумуляциялык түздүктөрдүн бири. Сибирдин басымдуу бөлүгүн ээлеп, түндүктөн Карск деңизи, түштүктөн Казак Сараркасы жана Алтай тоолорунун этектери, батыштан Урал, чыгыштан Орто Сибирь бөксө тоосу менен чектешет. Аянты 3 млн км2дей. Жеринин бети өтө жайпаң, бир аз күдүрлүү, деңиз деңгээлинен бийиктиги 50 м ден 300 м ге чейин. Морена дөбөлөрү жана жалчалары бар эки суу аралыгындагы кенен түздүктөр мүнөздүү (Васюган түздүгү, Бараба, Ишим, Кулунду талаалары ж. б.). Анча чоң эмес дөңсөөлөр (Обь платосу, Сибирь жалчалары) кездешет. Тектоникалык негизин Батыш Сибирь плитасы түзүп, үстүн деңиздик жана континенттик борпоң чөкмө тектердин калың катмары жаап жатат. Нефть жана табигый газдын пайда болушу ошол чөкмө тектерге байланыштуу (Батыш Сибирь нефть газ аймагы бар). Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -28°С ден -16°С ге чейин, июлдуку 4-22°С. Жылдык жаан-чачыны тундра жана талаа зоналарында 200 мм ден токой зонасында 600 мм ге чейин. Аймагында 2000ден ашык дарыя бар; алардын эң ирилеринде (Обь, Иртыш, Енисей) кеме жүрөт, сал агызылат. Көлү көп (Чаны, Уба ж. б.), анын ичинде туздуу жана ачуу туздуулары да бар. Түндүк бөлүгүн түбөлүк тоң текши каптабагандыктан, саздардын пайда болушуна шарт түзүлөт. Батыш Сибирь түздүгүндө ландшафттын кеңдик зоналуулугу даана байкалат. Түндүк бөлүгүн тундра жана токойлуу тундра зоналары ээлейт; аймагынын көп бөлүгү токой зонасына кирет, аны карагай, көк карагай, кедр, мырза карагай, сибирь кызыл карагайы, ошондой эле байтерек-кайың токойлуу саз, тайга каптап жатат. Түштүк бөлүгүн токойлуу талаа, талаа ээлеп, көп жери айдалган. Зоналарынын көбүнө саздуу, шортоң жерлер мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4