Бензинг, Ханс

Википедия дан
Файл:Johannes Benzing.jpg
Ганс Йоханнес Бензинг

Бензинг, Ханс (Ганс, Йоханнес Бенцинг; Johannes Benzing; 1913—2001) — германдык чыгыш таануучу, элчи, профессор. Бир катар түрк тилдери жана Түндүк Евразиядагы майда элдердин тили боюнча адис.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ганс Йоханнес Бензинг (Бенцинг) 1913-жылы 13-январда Германиянын Виллинген-Швеннинген (Villingen-Schwenningen) шаарчасында туулган.
Бензинг 1939-жылы түркмөн тилинин этиш системасы тууралуу доктордук диссертациясын коргогон.

Бензинг Франциядагы немис элчилигинде иштеп жүргөндө (1949-жылы) Азамат Алтай менен Мария Чокай аркылуу таанышкан.

Түркстанды, түрк элдеринин тилдерин мыкты билген бул полиглот аалымга Азамат Алтай кыргыз тилин үйрөнүүгө да көмөкчү болгон. Кийин ал Германиянын Түркиядагы баш консулу болуп иштеди (1956—59).

Кудайберген (Азамат Алтай) 1959-жылы болочокку жубайы Сания менен таанышып, үйлөнүү тууралуу макулдашканда аларды алгач куттуктаган да Бензинг болгон.

1963-жылы Бензинг Майнцтагы Йоханнес Гутенберг Университетинин (Johannes Gutenberg-Universität Mainz) профессору болуп калган.
1981-жылы 31-мартта ал ардактуу эс алууга чыккан.

Анын кызы Бригитта (Brigitta Benzing-Wolde Georgis) да окумуштуу, профессор. 1998-жылдан ал кызыныкында — Гөттингем жергесинин Бофенден шаарчасында турган.

Профессор Бензинг 2001-жылы 16-мартта (88 жашында) Германиянын Бофенден (Bovenden) шаарчасында каза болгон.


Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент Арслан Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.
  • Johanson, Lars; Schönig, Claus (Hg.): Kritische Beiträge zur Altaistik und Turkologie. Festschrift für Johannes Benzing. Turcologica, Bd. 3. Wiesbaden. 1988.
  • Johannes Hürter, Martin Kröger, Rolf Messerschmidt, Christiane Scheidemann (Bearbeiter): Biographisches Handbuch des deutschen Auswärtigen Dienstes 1871–1945, Band 1 A–F (= Auswärtiges Amt – Historischer Dienst – Maria Keipert, Peter Grupp [Hrsg.]: Biographisches Handbuch des deutschen Auswärtigen Dienstes 1871–1945). Ferdinand Schöningh, Paderborn München Wien Zürich 2000, ISBN 978-3-506-71840-2, S. 107–108, Abschnitt Benzing, Johannes (Hans) (mit Bild).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]