Бийск шаары

Википедия дан
Бийск.

Бийск шаары - Орусыядагы шаар. Алтай крайынын түштүк-чыгышында. Бия районунун борбору. Калкы 227,6 миң (2005). Бия дарыясындагы порт. Шаар аркылуу Новосибирск Ташанта (Чүй тракты) автомобиль жолу өтөт. Темиржол бекети. Аэропорту бар. 1708-09-ж. Бикутан абагы катары негизделген. 1915-ж. Бийск Транссибирь магистралына темиржол аркылуу кошулган. Педогогикалык институт, университет, техникалык университет, драма театр бар. Алтай крайындагы өнөр жайдын өнүгүшүнүн көлөмү боюнча 2-шаар. Бийск казан заводу (Россиядагы кичи жана орто кубаттуулуктагы казандарды чыгаруучу ири ишкана), «Алтай витаминдери» (крайдагы эң ири фармацевтика ишканасы), айнекпластика заводу, фанера-ширеңке комбинаты, тигүү фабрикасы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]