Боголюбов Николай Николаевич

Википедия дан
Боголюбов Николай Николаевич (1930)

Боголюбов Николай Николаевич (8(21). 8. 1909 – 13. 2. 1992) - советтик физик-теоретик жана математик, СССР ИАнын (1953; мүчө-корр. 1946), УССР ИАнын (1948) акад., Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969).

1965-ж. Дубнадагы ядрону изилдөө боюнча бирикме институтка директор. Боголюбов математикалык анализде жакындатып эсептөө методу, математика физика, сызыктуу эмес механиканын асимптоталык методу, динамикалык система теориясы, статистикалык физика жана талаанын квант теориясы боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Чет өлкөлүк бир нече академияга мүчө. СССР Жогорку Советинин (7-8-9-шайл. ) депутаты.

СССР Мамлекеттик (1947, 1953) жана Лениндик сыйлыктын (1958) лауреаты. 5 Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.