Сергей Бондарчук

Википедия дан
Бондарчук Сергей Фёдорович‎»‎ барагынан багытталды)

Бондарчук Сергей Фёдорович (25.9.1920, Одесса облусу Белозёрка кыштагы 20.10.1994, Москва) киноактёр жана режиссёр, СССР эл артисти (1952), Социалистик Эмгектин Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-ж. ВГИКтин С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык» фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966-67. актёрдук факультетин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» фильминде Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» фильминдеги (1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыгармачылык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966-67). 1977-ж. А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) фильмдеринде актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» фильмин өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коңгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» фильмдеринде дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер жана башка башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган (1968). Лениндик сыйлыгы (1960), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1952). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]