Борис Немцов

Википедия дан
Борис Ефимович Немцов. 15.3.2013.

Борис Ефимович Немцов (Boris Nemtsov; 1959-жылдын 9-октябры, Сочи – 2015-жылдын 27-февралы, Москва) – Орусиянын заманбап саясатчысы, мамлекеттик жана коомдук ишмери. Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары (1997-98). Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты (1999-2003). Ярослав облустук Думасынын 6-чакырыктагы курамынын депутаты (2013). “Орусиянын Республикалык партиясы – Элдик эркиндик партиясы” («Республиканская партия России — Партия народной свободы, РПР-ПАРНАС») аттуу партиянын теңтөрагасы, физик-окумуштуу, физика илимдеринин кандидаты. Киши колдуу өлгөн.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борис Ефимович Немцов 1959-жылдын 9-октябрында (тогуздун айынын 9унда) Орусиянын Сочи шаарында туулган. Атасы – Ефим Давыдович Немцов (1928-1988) курулуш тармагын жетектеген. Энеси Дина Яковлевна Эйдман (1928-жылы туулган) – Орусиянын эмгек сиңирген дарыгери.

Атасынын, чоң атасы Давыд Израилевичтин (1883-1962) жана чоң энеси Анна Борисовна Немцованын (1899—1980) сөөктөрү Востряков жөөт көрүстөнүндө жерге берилген.

Борис Немцов мурдагы Горький (азыркы Нижний Новгород) шаарында орто мектепти 1976-жылы алтын медаль менен аяктаган.

1976-жылы Н.И.Лобачевский атындагы Горький мамлекеттик университетинин (азыркы Нижний Новгород мамлекеттик университетинин) радиофизика факультетине тапшырган. Мында анын таякеси Вилен Яковлевич Эйдман дарс окучу.

Ар кыл илимий мекемелерде иштеген. Плазма, акустика жана гидродинамика физикасы боюнча 60тан ашуун эмгек жазган.

1985-жылы диссертациясын коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон. (Темасы: “Кыймылдагы булактардын нурлануу менен өз ара карым-катнашынын когеренттүү натыйжалары” - «Когерентные эффекты взаимодействия движущихся источников с излучением»).

Б.Немцовдун ойлоп табууларынын жана ачылыштарынын арасында акустикалык лазер жана космос кемесинде колдонулчу антеннанын кээ бир жакшыртылган параметрлери, ж.б. бар.

Академик Виталий Лазаревич Гинзбург өзүнүн 1997-жылкы эскерүүсүндө Немцовду өтө таланттуу физик катары жогору баалап, өзүнүн эки аспирантынын (Эйдман, Денисов) орток аспиранты болгонун айтканы бар.

1990-жылы март айында Горький улуттук-аймактык чөлкөмү боюнча РСФСРдин эл депутаты болуп шайланган. Реформачыл блоктун мүчөсү болгон.

1991-жылы президенттикке талапкер Борис Ельциндин Нижегород облусу боюнча ишенимдүү өкүлү болгон.

Ал эми 1991-жылдын 27-августунан 1994-жылдын 18-апрелине чейин Б. Немцов Орусиянын президенти Борис Ельциндин Нижегород облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү болгон. (Орусия президенти 18.04.1994 кол койгон № 793 жардык).

1991-жылы 30-ноябрда РСФСР президентинин жардыгына ылайык Б.Немцов Горький облусунун акими болуп дайындалган. (Облус 1992-жылдын 16-майынан тартып Нижегород облусу болуп аталып калган).

1993-жылы Б.Немцов Орусиянын Федерациялык кеңешине депутат болуп шайланган.

1995-жылы декабрда (бештин айында) Нижегород облусунун губернатору кызматы үчүн шайлоодо реформатор атыккан Б.Немцов жеңишке жетишкен (добуштардын 58,9 пайызын алган).

Жалпысынан, 1991-97-жылдары Нижегород облусун жетектеп турган чагында Б.Немцов бир катар программаларды ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Маселен, Нижний Новгороддогу “Стригино” аба майданы эл аралык макам алган, Нижегород жармаңкеси кайра иштей баштаган. Ал массалык маалымат каражаттарына ачык жетекчи болгон.

Би-Би-Синин кабарчысы Данила Гальперович Б.Немцов башкарып турган учурдагы Нижегород облусун “журналисттер үчүн бейиш” катары баалап, цензуралык чектөөлөр болбогондугун баса белгилеген жери бар. «АиФ-НН» басылмасынын баш редактору Наталия Лисицына да бул аймакты “эч коркпогон журналисттердин журту” катары баалаган.

Орусия Өкмөтүндөгү ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылдын 17-мартында Б.Немцов Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. (Орусия Федерациясынын Президенти 17.03.1997 кол койгон N 250 жардык).

1997-жылдын 24-апрелинен 20-ноябрына чейин Б.Немцов бир эле учурда Орусиянын отун жана кубат министрлигинин министри кызматын да аркалаган.

1997-жылдын 22-майынан 1998-жылдын 1-октябрына чейин Б.Немцов Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешине да мүчө болгон.

Б.Немцовдун отун-кубат тармагын жетектеген учурун сынга алгандар да арбын. Академик Владимир Елиферьевич Накоряков, маселен, Немцову жана ал кызматтан кызматка көтөргөн Борис Бревновду сынга алып, алар сыяктуу “дилетант жетекчи кишилердин тобунун айынан отун-кубат комплексинде бүлгүнчүлүк орун алды” деп жазганы бар. http://www.sbras.ru/HBC/article.phtml?nid=347&id=6 Archived 2015-04-02 at the Wayback Machine

Орусиялыктардын коомчулугунда Немцовдун баркы алгач жогору болгон. 1997-жылы апрелдеги сурамжылоого ылайык Борис Немцовду дээрлик 29 пайыз калайык өлкөнүн болочоктогу президенти катары көргүсү келээрин билдирген. Бирок 1999-жылдын соңуна карата Немцовду болгон 1 пайыз гана калайык саясатчы катары жогору баалаган.

1997-жылдын 4-ноябрында Б.Немцов жана Анатолий Чубайс Президент Борис Ельцинден Борис Березовскийдин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтан кетирүүнү суранышкан. Березовский “мамлекеттик иш менен жеке ишкердикти чаташтырып” алганын да белгилешкенин кийинчерээк Б.Ельцин эскерген.

1997-жылдын май-ноябрь айларында жана 1998-жылдын май айынан тартып Б.Немцов бир эле учурда “ГазПром” Орусиялык акционердик коомундагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн коллегиясынын төрагасы кызматын аркалаган.

1998-жылдын 17-августундагы дефолттон кийин Сергей Кириенконун өкмөтү бийликтен кетирилгенде, Б.Немцов убактылуу Өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткарып калган.

1998-жылдын 24-августунда Б.Немцов бул кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган, арызды президент Б.Ельцин канааттандырган (1998-жылдын 28-августундагы президенттик жардык).

1998—2007-жылдардагы саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-жылдын 22-сентябрында Б.Немцов Орусиядагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган (коомдук башталыштагы кызмат).

1998-жылы декабрда “Жаш Орусия” коомдук-саясий кыймылы уюшулуп, Б.Немцов анын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 1999-жылы жазында бул кыймыл “Оң иш” (“Правое дело”) аталган колалицияга кирген.

1999-жылдын августунда Орусиянын өкмөт башчылыгына Владимир Путин дайындалганда Б.Немцов ага оң баасын берген. Путиндин болочоктогу президенттикке татыктуу талапкер экендигин да 1999-жылдын соңунда белгилеген, бирок бул пикири ката болгонун кийинчерээк мойнуна алган.


Борис Немцов менен Орусиянын Президенти Владимир Путин. 04.07.2000.

1999-жылы декабрда Б.Немцов “Оңчул күчтөр биримдиги” блогунун өкүлү катары Нижний Новгород облусундагы №117 Автозавод шайлоо чөлкөмүнөн Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-чакырыктагы курамына депутаттыкка шайланган. “Оңчул күчтөр биримдиги” блогунун теңтөрагасы болгон.

2001-жылдын 28-апрелинде “Жаш Орусия” кыймылы 4-курултайында өзүн-өзү таркаткан.

2001-жылдын 27-майында Б.Немцов жаңы уюшулган “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2003-жылы анын партиясы Орусиянын Мамлекеттик думасына шайлоого катышып, бирок 5 пайыздык өткөөлдү жеңе албай, Мамдумадан орун ала албай калган. Шайлоодо жеңилген соң Б.Немцов “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы кызматынан чегинген.

2004-2005-жылдары Б.Немцов “Нефтяной” концернинин директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалады. Компанияга таандык банк жемкорлук доосу боюнча иликтене баштаганда, Б.Немцов бул кызматтан өз эрки менен кетти. Банктагы чуу боюнча кылмыш иши 2010-жылы кыскартылган.

2004-жылы “Комитет 2008: Эркин тандоо” уюмунун кеңешине мүчө болуп шайланган.


Немцов жана КМШдагы “түстүү ыңкылаптар”[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылы Б.Немцов жетектеген “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясы Украинадагы элдик ыңкылапты жана анын лидери Виктор Ющенкону расмий колдоп чыккан.

Б.Немцов Киевдеги оппозициячыл митингдерге да катышкан.

Кийин, 2005-жылдын февралынан 2006-жылдын октябрына чейин Б.Немцов Украинанын президенти Виктор Ющенконун штатка кирбеген кеңешчиси кызматын да аркалаган.

Б.Немцов Кыргызстандагы 2005-жылкы элдик ыңкылапты да колдоп, мурдагы президент А.Акаевдин авторитардык башкаруу тажрыйбасын сынга алган.

2007-жылдан кийинки ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Б.Немцов өзүнүн саясий ишмердиги тууралуу “Козголоңчунун ыймандай сыры” (“Исповедь бунтаря”) деген китебин жарыялады.

2007-жылы өткөн Орусия Мамлекеттик думасына шайлоого Б.Немцов “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын тизмесин жетектеп катышты. Шайлоо өнөктүгү маалында ал президент Путиндин саясатын кескин сынга алды.

Б.Немцов жана анын партиясы 2007-жылы декабрда Орусияда өткөн парламенттик шайлоону орой добуш бурмалоолор менен өттү деп сынга алды.

2007-жылы декабрда өз партиясы Б.Немцовду 2008-жылы март айына белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары көрсөттү, бирок Б.Немцов өз талапкердигин оппозициячыл саясатчы, мурдагы премьер Михаил Касьяновдун пайдасына алып салды (26.12.2007). Бирок Касьяновдун талапкердиги расмий каттоого алынган эмес.

2008-жылдын 12-февралында Б.Немцов өзүнүн “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясындагы мүчөлүгүн токтотконун (себебин айтпастан) жарыя кылды.

2008-жылы 5-апрелде Санкт-Петербург шаарында “Демократиялык кыймыл үчүн жаңы күн тартиби” аттуу жыйын болуп, анда жаңы демократиячыл кыймыл түзүлөөрү жарыяланды. Немцов да бул жыйынга катышты.

2008-жылы 15-ноябрда “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын кезексиз курултайында бул партия өзүн-өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алды. Б.Немцов бул чечимге каршы болду, анткени “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясы жаңы түзүлүп жаткан “Акыйкат иш” (“Правое дело”) деп аталган кремлчил катары шек саналган жаңы партияга кошулуп жаткан.

2008-жылдын 13-декабрында “Тилектештик кыймылы” (“Движение Солидарность”) деп аталган Бириккен демократиялык кыймылдын биринчи курултайы өтүп, Б.Немцов анын федерациялык саясий кеңешинин мүчөсү болуп шайланды жана анын бюросунун курамына кирди.

2009-жылы 26-апрелде Б.Немцов Сочи шаарынын мэри үчүн шайлоого оппозициячыл талапкер катары катышты. “Бурмалоолор менен өттү” деп сынга алынган бул шайлоонун жыйынтыгында ал экинчи орунда келди (13,6 пайыз). Биринчи орунга Анапа шаарынын акими Анатолий Николаевич Пахомов чыкты (76,86 пайыз) жана жеңүүчү деп табылды. Коммунист Юрий Дзагания үчүнчү орунду алды (6,75 пайыз).

2010-жылы 10-мартта Б.Немцов башка оппозициячыл лидерлер менен чогуу “Путин (бийликтен) кетиши керек” деп аталган кайрылууга кол койду.

2010-жылы 7-августта Б.Немцов Элбрус тоосунун чокусуна чыгып, ага оппозициячыл “Тилектештик” (Солидарность”) кыймылынын байрагын орнотту.

2011-жылы январда Б.Немцов президент В.Путин 2010-жылы 16-декабрда сыналгы аркылуу түз берүү маалында өзүнүн намысына шек келтирди деген доо менен сотко кайрылды, бирок 2011-жылы февралда москвалык шаардык сот президент В.Путин тек гана жалпылаштырган сөз айткан болчу деген жүйө менен Немцов мырзанын доосун четке какты. https://archive.is/20120713211959/premier.gov.ru/events/news/13427/index.html

2010-жылы 31-декабрда Москва шаарында Триумф аянтындагы уруксат берилген нааразылык митингине катышканына карабастан, Б.Немцов милиция тарабынан кармалып, шаардын Тверской райондук соту тарабынан 15 суткага абакка кесилген. Орусиянын укук коргоочулары жана “Эл аралык мунапыс” уюму сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Б.Немцовду жана камалган башка оппозиция өкүлдөрүн “абийир туткуну” деп жарыялашкан.

(2014-жылы июлда Европанын адам укуктары боюнча соту Б.Немцовдун эркин жыйын куруу жаатындагы атуулдук укугу бузулганын белгилеп, Орусия бийлигин Б.Немцовдун мыйзамсыз камалгандыгына байланыштуу ага 28,5 миң евро акча төлөп берүүгө милдеттендирди). http://lenta.ru/news/2014/07/31/nemtsov/

Б.Немцов 2012-жылдан тартып “Орусиянын Республикалык партиясы – Элдик эркиндик партиясы” («Республиканская партия России — Партия народной свободы, шарттуу кыскартылган аталышы: РПР-ПАРНАС») аттуу партиянын теңтөрагасы болуп калды.

Бул оппозициячыл партия 2013-жылы 8-сентябрда өткөрүлгөн Ярослав облустук Думасынын 6-чакырыктагы курамына башка оппозициячыл партиялар менен бирдикте шайлоого катышып, партиянын теңтөрагасы Борис Немцов 25-сентябрда Ярослав облустук Думасына депутат болуп туруктуу иштей баштады.


Крым жаңжалына жана Украинадагы соңку окуяларга мамилеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.Немцов Орусия бийлигинин Крым жарым аралына карата саясатын кескин сынга алган оппозициячыл саясатчы болду.

2014-жылы сентябрда Б.Немцов расмий Кремлден Орусиянын аскерин Украинанын аймагынан чыгарып кетүүнү жана бул өлкөнүн чыгышындагы Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп өздөрүн бир тараптуу жарыялап алган жикчилдерге колдоо көрсөтпөөнү талап кылган кайрылууга кол койду.

Күтүүсүз өлүмү жана ага карата мамилелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда кечки саат 11:40та Москва шаарында Кремлге жакын Чоң Москворецк (“Большой Москворецкий мост”) көпүрөсүнөн Кичи Ордынка аймагындагы үйүн көздөй жөө өтүп бараткен жеринен белгисиз кишилер тарабынан атып өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, ак түстөгү автоунаа менен келген кишилер алты ирет ок атып, анын төртөө Б.Немцовго тийип, ал дароо жан берген.

Жанында украиналык жаш айым болгону, бирок ал эч жабыр тартпагандыгы да кабардалды.

Орус бийликтери кылмышкерлерди табуу үчүн чукул коопсуздук жаа тергөө чаралары жүрүп жатканын маалымдашты.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун киши колдуу болушун дүйнө лидерлери айыпташууда. Алар орус бийлигин окуяны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга үндөп жатышат. Германия канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Путинден кылмышкерлердин сот алдында жооп беришин жеке көзөмөлгө алууну талап кылды.

28-февралда АКШ президенти Барак Обама: “Немцов өлкөсүнүн талыкпаган коргоочусу болчу. Ал мекендештеринин укугу үчүн күрөшүп келди. Мен анын коррупцияга каршы күрөшкөн эрдигине суктанчумун", - деп билдирди.

Ак үйдүн атайын билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Немцовдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн айыптайт жана орус бийлигин кылмышка күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга чакырат”, - деп айтылат.

Орусиялык оппозиция Б.Немцовдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп чыкты, расмий Кремл болсо кол салууну чагымчылдар ишке ашырганын айтууда. Орусиянын президенти В.Путин бул окуяны “провокациячыл кылмыш” катары айыптады.

1-мартта, жекшемби күнү, оппозициянын таламдаштары Борис Немцовду эскерүү үчүн Москва шаарындагы ал өлтүрүлгөн жерге чогулушту. Эскерүү иш-чарасы мурда белгиленген оппозициячыл “Жаз жүрүшүнүн” ордуна өттү. Бир катар чет мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда (Бишкек шаарында) да Немцовду эскерүү иш-чаралары өттү.

Маркум Б.Немцовдун сөөгү 2015-жылдын 3-мартында Москва шаарында жерге берилмекчи.

Үй-бүлөсү, жакындары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – Раиса Ахметовна. Аны менен расмий ажырашкан эмес, бирок чогуу жашабай калышкан. Алардын кызы Жанна 2005-жылы жаштардын дибералдык кыймылына катышкан.

Б.Немцов башка да эки айымдан балалуу болгон.

Журналист айым Екатерина Одинцовадан уулдуу (Антон, 1995) жана кыздуу (Дина, 2002) болгон.

Ирина Королёва айымдан Немцовдун Софья (2004) деген кызы бардыгы айтылат.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусиянын сыйлыктары (анын ичинде “Атамекенге сиңирген эмгеги үчүн” медалы) менен сыйланган.

Украинанын Князь Ярослав Мудрый ордени менен сыйлынган.

Ал жазган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Немцов Б. Е. Когерентные эффекты взаимодействия движущихся источников с излучением. Кандидатская диссертация. 1985. (Кыймылдагы булактардын нурлануу менен өз ара карым-катнашынын когеренттүү натыйжалары. Орусча).
  • Курин В. В., Немцов Б. Е., Эйдман В. Я. Предвестник и боковые волны при отражении импульсов от границы раздела двух сред // Успехи физических наук, т. 147, в. 1, с. 157—180.
  • Немцов Б. Исповедь бунтаря, или Политика без бл…ва. – Изд-во «Партизан», август 2007. - ISBN 978-5-91114-004-5. - http://www.nemtsov.ru/?id=705311
  • Немцов Б. «Провинциал» (1997)
  • Немцов Б. «Провинциал в Москве» (1999).
  • Nemtsov, Boris. 2000. “Reform for Russia: Forging a New Domestic Policy.” Harvard International Review 22 (No. 2): 16-21.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Макарычев А. С. Взаимодействие политической и научных элит: Теория вопроса и практика Нижегородской области // Трансформация российских региональных элит в сравнительной перспективе. Ред.: Мельвиль, Андрей Юрьевич. — Москва: Моск. обществ. науч. фонд, 1999, серия „Научные доклады”. http://www.ecsocman.edu.ru/db/msg/278154/015.MAKARYTCHEV.pdf.html(жеткиликсиз шилтеме)
  • Ельцин Б. Н. Президентский марафон. – М.: АСТ, 2000. - ISBN 5-17-003500-4.
  • Накоряков В. Энергетический кризис // Наука в Сибири, № 37 (2523), 23 сентября 2005.
  • Chinayeva, Elena. 1996. “Boris Nemtsov, A Rising Star of the Russian Provinces”. Transitions 2 (No. 4): 36-38.
  • Yeltsin, Boris N. 2000. Midnight Diaries. Translated by Catherine A. Fitzpatrick. New York: Public Affairs.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]