Александр Бородин

Википедия дан
Бородин Александр Порфирьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Бородин Александр Порфирьевич [31.10 (12.11). 1833, Санкт-Петербург 15.(27) 2. 1987, ошол эле жер] орус композитору, химик. Музыкалык билим алган (фортепьянодо, флейтада, виолончелде ойногон), бир нече тил билген. Медициналык хирургия академиясын бүтүргөн (1856). Медицина доктору (1858). 1859-62-ж. Германияда, Францияда илимий командировкада болгон. Медициналык хирургия академиясында 1862жылдан адьюнкт-профессор. 1864-жылдан ординардык профессор, өмүрүнүн акырына чейин химия кафедрасынын жетекчиси. 1872-87-ж. аялдар үчүн жогорку окуу жайын врачтык аялдар курсун уюштуруучулардын бири жана анын окутуучусу. Химия тармагы боюнча 40тан ашуун илимий эмгектин автору. 19-кылымдын 50-жылдарында фортепьяно үчүн пьеса, романстар жаза баштаган. 1862-ж. М. А. Балакирев менен таанышып, анын «Кубаттуу топ» ийримине мүчө болуп кирген. Эң маанилүү чыгармасы «Князь Игорь» операсы. Анын 1-симфониясы (1867), экинчи же Баатырдык симфониясы (1879) жана квартеттери бар. Өз чыгармаларында орус элинин улуттук духун чагылдырган. Бородиндин өрнөктүү салттарын компомитору С. С. Прокофъев, Ю. А. Шапорин, А. И. Хачатурян жана башка уланткан. Анын музыкалык мурастары Орто Азия, Закавказье элдеринин улуттук музыкалык маданиятынын өсүшүнө да таасир берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]