Бочвар Андрей Анатольевич

Википедия дан

Бочвар Андрей Анатольевич (26. 7 (8. 8). 1902-ж. т. ) - советтик металл изилдөөчү, СССР ИАнын акад. (1946; мүчө-корр. 1939), эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1953).

1923-ж. Москва жогорку тех. окуу жайын бүтүргөн. 1924-жылдан Москвадагы жогорку окуу жайларда окутуучу. Негизги иштери түстүү металлдар менен куймалардын кристаллданышын, рекристаллданышын, куюу касиеттерин жана ысыкка чыдаыдуулугун, уран менен плутонийдин металлдын касиеттерин изилдөөгө багытталган. Бочвар электрдик кристаллдануунун жана куюу касиеттеринин теориясын түзүп, куймалардын ысыкка чыдамдуулугунун структуралык теориясын негиздеди.

СССР Мамлекеттик сыйлыктарынын (1941, 1949, 1951, 1953), Лениндик сыйлыктын (1961) лауреаты. Бочвар 4 Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.