Брайан Крэнстон

Википедия дан

Брайан Ли Крэнстон (англ. Bryan Lee Cranston; 1956-жылы 7-март) – америкалык актер, үн коштоочу актер, сценарист, режиссер жана продюсер. Крэнстон AMC телеканалындагы "Өтө оор кылмыштар артынан" (англ. Breaking Bad) кылмыш драма жанрындагы телесериалда Уолтер Уайттын ролун аткаруусу менен, Fox телеканалындагы "Малкольм көңүлдүн борборунда" (англ. Malcolm in the Middle) комедиялык телесериалда Хэлдин ролун аткаруусу менен жана NBC телеканалындагы "Сайнфелд" (англ. Seinfeld) беш эпизоддордон турган комедиялык телесериалда доктор Тим Уотлинин ролун аткаруусу менен атактуулукка жеткен.

Крэнстон "Өтө оор кылмыштар артынан" тасмада роль аткарганы үчүн прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Драма жанрындагы телесериалдагы эң мыкты башкы актер" номинациясына төрт жолу ээ болгон (2008-2010, 2014), натыйжада актер Билл Косбиден кийин ("Тыңчы менмин" (англ. I Spy, 1960-жылдары)) теле-көрсөтүү тарыхында катары менен үч жыл сыйлыкка татыган экинчи актер болгон. 2011-жылы Крэнстон "Өтө оор кылмыштар артынан" телесериалдын продюсерлеринин бири болгондон соң, ал "Эң мыкты драмалык телесериал" номинациясына эки жолу татыган.

Ошондой эле Крэнстон "Малкольм көңүлдүн борборунда" телесериалда ойногон ролу үчүн үч жолу "Күлкүлүү окуялуу телесериалдардын эң мыкты жардамчы актеру" номинациясына талапкер болгон. Актер "Өтө оор кылмыштар артынан" телесериалдагы ролуна "Алтын глобус " сыйлыгынын беш номинациясына талапкер болгон жана 2014-жылы бир номинациянын жеңүүчүсү катары табылган, ошону менен бирге актер АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын тогуз номинациясына талапкер болуп төрт жеңишке ээ болгон жана "Спутник" сыйлыгынын алты номинациясына талапкерлиги коюлуп төрт жеңишке ээ болгон. 2014-жылдын июнунда Крэнстон Бродвейде "Жол бою" (англ. All the Way) пьесадагы Линдон Б. Жонсондун ролун аткарганы үчүн "Тони" сыйлыгынын "Пьесадагы эң мыкты актер" номинациясына татыган. Актер ушул эле ролун бирдей аталыштагы тасмада аткарган, тасма биринчи жолу 2016-жылдын майында HBO телеканалында чыккан. "Трамбо" (англ Trumbo, 2015) тасмада аткарган ролу үчүн актер атактуулукка жетип "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына талапкерлиги коюлган.

Крэнстон ар түрдүү телесериалдардын эпизоддорунун тартуусун жетектеген, алардын ичинде: "Малкольм көңүлдүн борборунда" телесериалдын жети эпизоду, "Өтө оор кылмыштар артынан" телесериалдын үч эпизоду, "Заманбап үй-бүлө" (англ. Modern Family) телесериалдын эки эпизоду жана "Кеңсе" (англ. The Office) телесериалдын бир эпизоду. Актер бир канча белгилүү тасмаларда тартылган, алардын ичинде: "Аскер Райанды куткарууда" (англ. Saving Private Ryan, 1998), "Кичинекей күн шооласы" (англ. Little Miss Sunshine, 2006), "Жарыш" (англ. Drive, 2011), "Арго" (англ. Argo, 2012) жана "Годзилла" (англ. Godzilla, 2014). 2015-жылы Крэнстон Дэвид Шор менен бирге аткаруучу продюсер болуп "Эки жүздүү Пит" (англ. Sneaky Pete) телесериалдын сценарийин жазган, телесериалдын эң биринчи эпизоду 2015-жылдын 17-августунда экрандарга чыккан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]