Бродский, Исаак Израилович

Википедия дан

Бродский, Исаак Израилович (1883–1939) – сов. сүрөтчүсү жана графиги. РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмер (1932). Алгач Б. Одесса көркөм сүрөт окуу жайында, 1902–08-ж. Петербургдагы Көркөм сүрөт академиясында И. Е. Репинден окуган. 1905–07-ж. самодержавиеге каршы бир катар саясый карикатуралар тарткан. Б. сов. доорунда тарыхый-рев-ялык мүнөздөгү (“Коминтерндин II конгрессинин салтанаттуу ачылышы”, 1920–24; “Бакулук 26 комиссардын атылышы”, 1925) чыгармаларды жараткан. Анын “В. И. Ленин Кремлдин фонунда” (1924), “В. И. Ленин Смольныйда” (1924), жана башка эмгектери көрүүчүлөргө кеңири белгилүү. Б. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]