Брут Марк Юний

Википедия дан
Брут Марк Юний

Брут Марк Юний (б. з. ч. 85–42-жж.) – римдик саясий ишмер. Цезарь менен Помиейдин ортосундагы күрөштө акыркысын колдогон. Помиейдин Ферсалдын алдындагы жеңилишинен (48-ж.) кийин, Цезарь аны өз тарабына тартуу максатында Цизальпы Галлиясына наместник, кийинчерээк Римге претор (46-ж.) кылып дайындайт. 44-жана башка Кассий менен бирдикте Цезарга каршы кутум уюштурат. Айрым уламыштар боюнча Брут Цезарга биринчи болуп канжар урган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Брут менен Кассий экинчи триумвиратка (Октавиан, Антоний, Лепид) каршы республикачыларды жетектейт. 42-ж. Филипп алдындагы жеңилүүдөн кийин Брут өзүн-өзү өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]