Будда

Википедия дан

Будда (санскритче «күнөөдөн арылган, көзү ачык» деген мааниде) – буддизм дининде олуялыкка жеткен «касиеттүү» адам. Буддалык диний китептерде миңден ашык Б. бар. Тар мааниде Б. деп буддизмди негиздөөчү катары эсептелген Сиддхартха Гаутаманы айтат, ал биздин заманга чейинки 623–544-ж. жашаган. 29 жашында атасынын хан сарайынан, үй-бүлөсүнөн безип, жер кезип кетет да, ар кандай кырсыктардын себебин ачып, алардан адамдарды «куткаруунун» жолун тапмакчы болуп, диний китептерди окуп, брахманизмден баш тартат да, жаңы динди жаратууга аракет кылат. Акырында ал «чыныгы динди» тапкандыгын жарыялап, Будда. деген наам алган. Ал өмүрүнүн акырына чейин башка шаарлар менен кыштактарда өз динин үгүттөгөн имиш. Бул адамдын тарыхта болгондугу жөнүндө анык маалымат жок. Буддизм таралган Азиянын көп мамлекеттеринде Б. жөнүндө ар түрдүү легендалар пайда болгон. Будданын образы, ага коюлган эстеликтер буддизмде «касиеттүү» деп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]