Булавайо

Википедия дан

Булавайо – Зимбабвенин түштүк-батышындагы шаар. Түндүк Матабелеленд провинциясынын администрациялык борбору, ошону менен катар өз алдынча провинция статусуна ээ. Калкы 706,5 миң (2006); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Матабеле платосунда, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1884-ж. негизделген. Илим жана техникалык университет (1927), калк жана улуттук китепкана, музейлер, сүрөт галерея, театр бар. Улуттук кол өнөрчүлүктүн борбору. Жыл сайын Эл аралык соода ярмаркалары өткөрүлөт. Тамак-аш, текстиль, фармацевтика, булгаары бут кийим, химиялык, жыгаччылык, машина куруу, металл иштетүү өнөр жайлары иштейт. Тоо кен казып алуучу (хромит, асбест, алтын, калай, жез, никель) аймактын борбору. Шаарга жакын Матопос улуттук паркы (Сесил Родстун сөөгү коюлган) жайгашкан. Булавайодон 22 км аралыкта соңку темир доорунун калдыгы Кхами тургун жайы сакталган. Ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]