Бюль-бюль

Википедия дан

Бюль-бюль (өз аты-жөнү Мамедов Муртуза Мешади Рза оглы; 22.6. 1897, Тоолуу Карабах, Шуша 26. 9.1961, Баку) – азербайжан ырчысы (лирика-драмалык тенор), Азербайжан музыкалык театрынын түзүүчүсү, музыка изилдөөчү-фольклорист, СССР эл арт. (1938), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950), Баку консерваториясынын профессор (1940). Жаш кезинен булбулдун үнүн туурап жүрүп, Булбул (азербайжанча Бүлбүл) атка конгон. Чыгармалык жолун ырчы катары баштаган. Азербайжан мугамын жана элдик ырларды аткарган. 1920-жылдан Азербайжан мамлекеттик театрында (кийин М. Ф. Ахундов атындагы опера жана балет театры) солист. 1927-ж. Баку консерваториясын Н. И. Сперанскийдин классы боюнча бүтүрүп (1921–27), Миланга (Италия) ырчылык өнөрүн өркүндөтүүгө жиберилген. Аткарган партиялары: Көр уулу (У. Гажибеков, «Көр уулу»), Саро (Тигранян, «Ануш»), Ашык-Гариб (Глпэр, «Шахсенем»), классикалык опералардан аткаргандары: Герцог (Верди, «Риголетто»), Каварадосси (Пуччини, «Тоска») жана башка Бир нече орден жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]