Валдай дөңсөөсү

Википедия дан
Валдай дөңсөөсү.

Валдай дөңсөөсү, Валдай - Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батыш бөлүгүндө. Волга, Днепр, Батыш Двина дарыясынын жогорку агымдарынын жана Ильмень көлүнүн алабындагы дарыялардын суу бөлгүчү. Узундугу 600 кмден ашык. Бийиктиги 346 мге чейин. Мореналуу күдүрлүү рельеф басымдуу (Тихвин жалчасы, Вепса дөңсөөсү). Көлдөрү көп, ирилери Селигер, Валдай. Ландшафтын коргоо жана аны рекреацияда пайдалануу максатында Борбордук токой коругу, Валдай улуттук паркы уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]