Василий Перов

Википедия дан

Перов, Василий Григорьевич (1834, Тобольск – 1882, Москва) – орус живописчиси, график; орус сүрөт  искусствосундагы сын реализмин баштоочулардан. А. В. Ступиндин Арзамас живопись мектебинен (1846–49), Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1853–61) М. И. Скотти, А. Н. Мокрицкий жана С. К. Зарянкодон таалим алган. П-дун чыгармачылыгы башынан эле демократиялык салттары, өз мезгилинин маанилүү темаларына кунт койгондугу менен айырмаланган (“Мытищидеги чай ичүү”, 1862; “Сокур музыкант”, 1864; “Чана сүйрөгөн үч бала”, 1866; “Сууга чөккөн киши”, 1867 – баары Третьяков галереясы). П. портрет жанрында да бир нече чыгарма жараткан (А. Н. Островский, 1871; Ф. М. Достоевский, В. И. Даль, М. П. Погодин, 1872 – Третьяков галереясы). Ал Н. А. Касаткин, С. А. Коровин, М. В. Нестеров сыяктуу сүрөтчүлөрдү тарбиялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]