Веймер, Арнольд Тынувич

Википедия дан

Веймер, Арнольд Тынувич (эст. Arnold Veimer; 20 июнь 1903 — 3 март 1977, Таллин) — сов. мамл. ишмер жанa көрүнүктүү илимпоз-экономист.

Экон. илимд. доктору (1963). Эстон ССРнын акад. (1967). 1922-жылдан КПСС мүчөсү. 1922-ж. бурж. Эстонияда подпольедеги партия уюмуна мүчө болуп кирген. 1923-ж. революциячыл ишп үчүн камакка алынып, 1924-ж. өмүр бою сүргүнгө айдалып, 1938-ж. жалпы амнистия жарыяланганда бошотулат. Эстонияда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышат. 1944-жылдан ЭССР ЭКСтин, 1946- жылдан Мин. Советинин председатели, 1951-жылдан ЭССР ИАнын Экон. жана укук инсититуна директор, 1957-жылдан ЭССР Эл Чарба Советинин председатели, 1965-жылдан ЭССР Мин. Советинин председателине орун басар. 196873_ж. ЭССР ИАнын презнденти. Веймер.— ЭССР- дин экон. өнүгүшүнүн тарыхына жана азыркы актуалдуу маселелерине бай ланыштуу илимий эмгектердин автору. Үч Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган. СССР Жог. Советинин (1—3, 5—6-шайл.) депу­таты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.