Верона

Википедия дан
Верона.

Верона - Түндүк Италиядагы шаар. Венеция облусунда, Верона провинциясынын административдик борбору. Калкы 262,1 миң (2006). Адиже дарыясынын боюнда. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусун өрдөй берген жердеги жолдор тоому. Б. з. ч. 3-кылымдан белгилүү, б. з. ч. 89-жылдан Рим колониясы. Веронанын 12-кылымда шаар-мамлекет болгон. 1405-жылдан Венециянын ээлиги. 1797-ж. Венеция менен бирге Австрияга, 1866-ж. Италия королдугуна кошулган. Экинчи дүйнөлүк согушта катуу талкаланган. Байыркы рим театры (б. з. ч. 1-кдын аягы), чептердин калдыктары, Понте-Пьетра көпүрөсү, роман стилиндеги курулуштар, соборлор, чиркөөлөр, Кастелвеккьо сепили (14-к.; Скалигер көпүрөсү менен) ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Музейлер, заманбап сүрөт галереясы, филармония, театрлар бар. Италиянын тамак-аш өнөр жайынын ири борбору (эт, балык, шарап, кондитер азыктары). Түстүү металлургия (цинк жана коргошун эритилет), машина куруу (айыл чарба, электроника ж. б.), химия (резинатехникалык буюмдары, пластмасса), полиграфия, текстиль, тигүү, бут кийим, жыгаччылык, кагаз, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]