Веселовский, Александр Николае­вич

Википедия дан

Веселовский, Александр Николае­вич [4 (16). 2. 1838, Москва—10 (23). 10. 1906, Петербург] — орус адабиятчысы, Петербург ИАнын акад. (1880).

Москва университетин бүтүргөн (1858). Дүйнө элдеринин фольклорун изилдеп, искусттвонун чыгышы жана адабиятт теориясы боюнча баалуу эмгектер жаз­ган. Ал бурж. теорияларды сынга алып, корком соз өнөрүнүн келип чыгышы уруу-жамаат мамилелери, турмуш тажрыйбасы жана эмгек процесси менен түздөн түз байланыштуу экенин, ал эми фольклордогу элдик түшүнүктөрдүн өнүгүшү динге таптакыр байланышпай турганын далилдеген. Веселовский көп элдердин фольклорундагы окшош сюжеттерди изилдөө менен «көчмө сюжет» теориясын сынга алып, «антропология» (сюжеттердин өз алдынча жаралуу) теориясьга жактаган. Веселовскийдин эмгектери, айрым кемчиликтери болсо да, орус жана дүйн. адабият илиминин тарыхында көрүнүктүү орун ээлейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.