Виктор Олегович Пелевин

Википедия дан

Виктор Олегович Пелевин (1962-жылы 22-ноябрда Москвада туулган) – орус жазуучусу, 1990-жылдардагы "Омон Ра", "Чапаев жана Боштук" (орус. Чапаев и Пустота) жана "Generation „П"" культтук романдарынын автору. Көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси, алардын ичинде "Малый Букер" (1993) жана "Национальный бестселлер" (2004) сыйлыктары бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виктор Олегович Пелевин 1962-жылы 22-январда Москвада Бауман атындагы МГТУнун аскер кафедрсында окутуучу болуп иштеген, мурдагы ААКнүн кадрдык офицери Олег Анатольевич Пелевин (Днепропетровскто туулган) менен борбордук гастрономдордун биринде бөлүм башчы болуп эмгектенген (кыздык фамилиясы Ефремова, Ленинградда туулган) Зинаида Семеновна Пелевинанын үй-бүлөсүндө туулган.

Пелевин 1979-жылы англис тилдүү № 31 атайын орто мектепти бүтүргөн (азыркы №1520 Капцовы атындагы гимназия) Бул мектеп Москванын борборунда, Станиславский көчөсүндө жайгашкан (азыр Леонтьев көчөсү) жана престиждүү деп эсептелген. Мектептен кийин Москва энергетика институтунун (МЭИ) өндүрүштү жана транспортту электрлештирүү жана автоматташтыруу факультетине тапшырган. Бул окуу жайды 1985-жылы аяктаган. Ошол эле жылдын апрель айында МЭИнин электр транспорттору кафедрасынын инженери кызматына алынган. Ал Аскерик аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн деп да айтылган, бирок кызмат өтөгөн жылдары аталбайт.

Пелевин 1987-жылы (кээ бир маалыматтар боюнча 1985-жылы) МЭИнин аспирантурасына тапшырган. Ал бул жерде 1989-жылга чейин окуган (асинхрондук кыймылдаткычтуу шаардык транспорттун электропривод долбооруна арналган диссертациясын коргогон эмес).

1989-жылы Горький атындагы Адабият институтунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган (Михаил Лобановдун проза семинары). Бирок бул жерде бир аз убакыт гана окуган: 1991-жылы аны "институт менен байланышы үзгөнү үчүн" деген жүйө менен окуу жайдан чыгарышкан (Пелевин өзү аны окуу жай менен "байланышын жоготкону үчүн" деген жүйө менен чыгарышканын айтат). Жазуучунун өзүнүн айтышынча, Адабият институтунда окуунун ага эч кандай пайдасы болгон эмес.

1989-жылдан 1990-жылга чейин "Face to Face" журналынын штаттык кабарчысы болуп иштеген. Мындан тышкары, 1989 жылы "Наука и религия" журналында иштей баштап, ал жерде чыгыш мистицизми тууралуу макалаларды даярдаган. Ошол эле жылы "Наука и религия" журналында Пелевиндин "Игнат Сыйкырчы жана адамдар" (орус. Колдун Игнат и люди) аңгемеси басылган (желеде жазуучунун биринчи аңгемеси "Химия и жизнь" журналында жарыяланган жана "Игнат чоң ата жана адамдар" (орус. Дед Игнат и люди) деп аталган деген да маалыматтар бар).

1991-жылы "Көк панар" (орус. Синий фанарь) деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагын чыгарган. Бул китеп башында сынчылардын назарына илинген эмес. Бирок, эки жыл өткөн соң Пелевин бул китеп үчүн "Малый Букер" сыйлыгын, ал эми 1994-жылы "Интерпресскон" жана "Золотая улитка" сыйлыктарын алган.

1992-жылы мартта "Знамя" журналында адабият сынчыларынын көңүлүн өзүнө буруп, Букер сыйлыгына аталган "Омон Ра" романы жарыяланган. 1993-жылы апрелде ошол эле журналда Пелевиндин "Курттардын жашоосу" (орус. Жизнь насекомых) деп аталган кийинки романы жарыяланган.

1993-жылы "Независимая газетада" "Жон Фаулз жана орус либерализминин трагедиясы" (орус. Джон Фаулз и трагедия русского либерализма) деген аталыштагы эссесин жарыялаган. Чыгармачылыгына карата айрым сынчылардын жагымсыз реакциясына жазуучунун жообу болгон бул эссе, акырында ММК тарабынан "программалык" деп эскерилип калган. Ошол эле жылы Пелевин Орусия журналисттер союзуна кабыл алынган.

1996-жылы "Знамяда" Пелевиндин "Чапаев жана Боштук" (орус. Чапаев и Пустота) романы жарыяланган. Сынчылар бул тууралуу Орусиядагы биринчи "дзен-буддисттик" роман деп сөз кылышкан. Жазуучу өзү болсо, чыгармасын "окуялар боштукта болгон алгачкы роман" деп атаган. Роман "Странник-97" сыйлыгын алган; 2001-жылы дүйнөдөгү эң чоң адабий сыйлык болгон International Impac Dublin Literary Awards-тун кыска тизмесине кирген.

1999-жылы Пелевиндин "Generation П" романы жарык көргөн. Дүйнө боюнча романдын 3,5 миллион нускасы сатылган. Китеп бир катар сыйлыктарга татыган. Атап айтканда, Рихарда Шөнфелд атындагы адабий сыйлыкка ээ болуп, культтук китеп статусун алган.

2003-жылы беш жылдык тыныгуудан кийин "Өткөөл доордун диалектикасы. Эч жактан эч жакка" (орус. Диалектика переходного периода. Из ниоткуда в никуда) ("DПП. NN") романы чыккан. Жазуучу бул чыгармасы үчүн 2003-жылы Аполлон Григорьев сыйлыгын, 2004-жылы "Улуттук бестселлер" сыйлыгын алган. Мындан тышкары "DПП. NN" Андрей Белый сыйлыгынын кыска тизмесине кирген.

2006-жылы "Эксмо" басмасы Пелевиндин "Empire V" романын чыгарган. Бул чыгарма "Большая книга" сыйлыгынын мөрөй талашчуларынын тизмесине кирген. "Empire V"-нын тексти роман басылганга чейин эле интернетке чыккан. "Эксмонун" өкүлдөрү роман уурдалган деп ишендиришсе да, кээ бирлери муну басманын маркетинг айласы деп боолгошкон.

2009-жылы октябрда Пелевиндин "t" романы жарыкка чыккан. Бул китеп үчүн Пелевин "Большая книга" Улуттук адабий сыйлыгынын бешинчи сезонунун лауреаты (2009-2010, үчүнчү байге) жана окурмандардын добуш берүүсүнүн жеңүүчүсү болгон.

Пелевин 2011-жылы декабрда "Эксмо" басмасынан "S.N.U.F.F." романын чыгарган. Кийинки жылдын февраль айында аталган чыгарма "Жылдын прозасы" номинациясында "Электронная книга" сыйлыгын алган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]