Винс Вон

Википедия дан

Винсент Энтони "Винс" Вон (англ. Vince Vaughn;1970-жылы 28-мартта туулган) америкалык актер, продюсер, сценарий жазуучусу, жарандык активист жана куудул.

В. Вондун чыгармачылыгы 1980-жылдардын аягында телесериалдарда эпизоддук ролдорду ойноодон башталган. Ал "Көңүл ачуулар" (англ. Swingers) тасмасындагы ролу менен белгилуу болгон. Ал 1990-жылдары тартылган "Руди" (англ. Rudy, 1993) "Жоголгон дүйнө: Юра доорунун паркы" (англ. The Lost World: Jurassic Park, 1997), жана "Бейишке кайтуу" (Return to Paradise, 1998) тасмаларында ойногон.

2000-жылдары актер "Мурдагы окуу" (англ. Old School, 2003), "Топ оюну" (англ. Dodgeball: A True Underdog Story, 2004), "Үйлөнүү тойдогу күтүлбөгөн коноктор" (англ. Wedding Crashers, 2005), " Ажырашуу" (англ. The Break-Up, 2006), жана "Фред Клаус" (англ. Fred Claus, 2007) сыяктуу комедиялык тасмаларда роль жараткан. Ал комедиялык жанрда ойноону "Эки анжы ой" (англ. The Dilemma, 2011), "Сакчы" (англ. The Watch, 2012) жана "Кадрлар" (англ. The Internship, 2013) тасмаларында уланткан. 2015-жылы, ал HBO каналында көрсөтүлгөн "Чыныгы детектив" (англ. True Detective) криминалдык драмасынын экинчи бөлүмүндө Колин Фаррелл, Рэйчел Макадамс жана Тейлор Китч менен бирдикте Фрэнк Семиондун ролун ойногон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]