Виржиния Вулф

Википедия дан
Виржиния Вулф (1902).

Аделина Виржиния Вулф (англ. Adeline Virginia Woolf; туулганда Стивен, 1882-жыл 25-январь — 1941-жыл 28-март) — англиялык жазуучу жана жыйырманчы кылымдын алдыңкы модернисттеринин бири болгон. Ал аң сезимдин агымын баяндоо шайманы катары пайдаланган алгачкы инсан болгон. Лондондун Кенсиңтон жергесинде бай үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Вулф Киңс Коллеж Лондон окуу жайына тапшырган жана аялдардын жогорку билими боюнча алгачкы реформачылар менен таанышкан.

Бала кезинин көпчүлүк бөлүгүн үйдө билим алып өткөргөн Вулф 1900-жылы профессионалдык түрдө жаза башташкан. Согуш ортосундагы мезгилде Вулф Лондондогу адабий коомдо олуттуу орунга ээ болуп, таасирдүү Блумсбери интеллектуалдар тобунда башкы фигурага айланган. Ал 1915-жылы өзүнүн алгачкы "Саякаттан ары" (англ. The Voyage Out) романын жарыкка чыгарган. Аны жолдошу Леонард Вулф экөө негиздеген Hogarth Press басмаканасында чыгарышкан. Анын белгилүү чыгармаларына "Миссис Дэллоуэй" (англ. Mrs Dalloway, 1925), "Маякка сапар" (англ. To the Lighthouse, 1927) жана бир китеп көлөмүндөгү "Кимдир бирөөнүн өз бөлмөсү" (англ. A Room of One's Own) дил баяны кирет. Бул дилбаян "Аял көркөм чыгарма жаза турган болсо анын өзүнүн акчасы жана бөлмөсү болушу керек" деген учкул сөз менен жарык көргөн.

Вулф 1970-жылдардагы феминист сынчылардын башкы темасына айланып, анын эмгектери коомчулуктун көңүлүн бурган жана "феминизмге дем бергени" үчүн кеңири катмардын ой-пикирлерине жем таштаган. Бул анын чыгармаларынын алдын ала билинбеген жагы болуп калган. Анын эмгектери дүйнө жүзү боюнча кеңири окулуп, элүүдөн ашуун тилге которулган. Ал өмүрүнүн акырына чейин психикалык илдеттен жабыр тартып, 1941-жылы 59 жашында сууга боюн таштап, өз өмүрүн кыйган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]