Висбю

Википедия дан
Висбю.

Висбю (Висби) – Швециядагы шаар, Готланд, Форё, Готска-Сандён ж. б. аралдардардан турган административдик-аймактык бирдиктин (лен) башкы шаары. Калкы 57;235 миң (2013). Деңиз порту; эларалык аэропорту бар.

9-кылымда отурукташа баштаган. 11-13-кылымдарда ири соода борбору. Шаардын кууш көчөлүү орто кылымдык бөлүгү узундугу 3,4 км келген калың дубалдуу чептер менен курчалган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай Эне собору, орто кылымдын чиркөөлөрүнүн калдыктары Ыйык Периште (13-кылым), Ыйык Николай (13-15-кылым), Ыйык Екатерина (13-кылымдын ортосу, 1412), Ыйык Ларс (13-кылымдын 2-жарымы), чиркөөлөрү, «Эски дарыкана», Лильехорндун (13-кылым) жана бургомистрдин (16-17-кылым) үйлөрү, ратуша (18-кылым), 18-19-кылымдын жыгач үйлөрү сакталган.. Готланддардын байыркылыгын баяндаган музей (1875; руна жазуулары бар таштар, орто кылымдын искусствосу) иштейт. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]