Виттенберг

Википедия дан
Виттенберг.

Виттенберг (немецче Lutherstadt Wittenberg) – Саксония-Анхальт федералдык жериндеги (Германия) административдик-аймактык бирдиктин башкы шаары. Калкы 49 930 миң (2012). Эльба дарыясынын боюнда жайгашкан. Виттенберг аркылуу Берлин Лейпциг Франкфурт-на-Майне темир жолу, Берлин Лейпциг автомагистралы өтөт. Алгач 1180-жылдан эскерилет. 1293-жылдан шаар. 1486-1547-жылдары герцогдордун (мезгил-мезгили менен), андан кийин Саксония курфюристтеринин резиденциясы. Шаардын борборунда Рынок аянты, Ыйык Мария собору жана М. Лютердин эстелиги ж. б. жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндөгү Бардык Ыйыктардын сарай чиркөөлөрү, Меланхтондун ренессанс стилиндеги үйү (1536-39), Лютер гимназиясы бар. Лютердин өмүр жолуна байланыштуу курулуштар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Университеттер, музей, химиялык, тамакаш, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. 1990-жылдан кийин бир топ өнөр-жай ишканалары, шаарга жакын шахта, карьерлер жабылып, шаардын калкы 9,4 миң адамга азайган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]