Вишневский Всеволод Витальевич

Википедия дан

Вишневский Всеволод Витальевич [8(21).12. 1900, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 28. 2. 1951, СССР, Москва шаары] – орус жазуучусу. В. В. Вишневский биринчи дүйнөлүк согушка, 1917-ж. октябрда Петрограддагы көтөрүлүшкө катышкан. Граждандык согушта (1918-20) жүрүп, Балтика жана Кара деңиз флотторунда командир жана саясий кызматкер болгон. 1939-ж. ак финдер менен болгон согушка, 1941-44-жылдары Ленинградды коргоого катышкан. 1944-51-жылдары В. В. Вишневский «Знамя» журналынын редактору болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылдарда башталган. «Деңиз аңгемелеринин жыйнагы» (1924), «Биринчи атчандар армиясы» (1929) аттуу эпикалык драмасы, «Акыркы чечүүчү» (1931), «Батыштагы салгылашуу» (1933), «Оптимисттик трагедия» (1933), «Унутулгус 1919-жыл» (1949). СССР мамлекеттик сыйлыгынын, 1950) пьесалары бар. В. В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедиясы» боюнча жазылган опера Кыргызстанда да коюлган. Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]