Вучетич Евгений Викторович

Википедия дан
Вучетич, Евгений Викторович‎»‎ барагынан багытталды)

Вучетич, Евгений Викторович (1908, азыркы Днепропетровск шаары – 1974, Москва) – советтик скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1959), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1953), Социалдык Эмгек Баатыры (1967). Сов. мамлекетинин тарыхындагы эң маанилүү окуяларды зор реалисттик күч менен жалпылап берүү, доордун алдыңкы идеяларын чагылдырууга умтулуу – В-тин чыгармачылыгындагы негизги касиет. Ал түзгөн образдар көпчүлүк учурда баатырдык-символдук мааниге ээ. Бул анын сов. элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман күрөшүн көрсөткөн белгилүү чыгармаларынан айкын көрүнөт: генерал-лейтенант М. Г. Ефремовдун Вязьмадагы эстелиги (1946; 1947-ж. СССР мамл. сыйл. алган), курман болгон сов. жоокерлерге Берлиндин Трептов паркында тургузулган эстелик-ансамбль (коло, гранит, 1946–49, архитектор Я. Б. Белопольский жана башка менен бирге), “Сага ат беребиз, Ленин...” деген горельеф (1949, башка авторлор менен бирге, 1950-ж. СССР мамл. сыйл. алган), Сталинград майданында курман болгон баатырлардын Мамаев дөбөсүндөгү (Волгоград) эстелик-ансамбли (темир-бетон, 1963–67, Я. Б. Белопольский жана башка менен бирге, 1970-ж. Лениндик сыйл. берилген). В. портрет жанрында да ийгиликтүү эмгектенген. Эки жолку Сов. Союз. Баатырлары И. Д. Черняховский (коло, гранит, 1945), В. И. Чуйков (мрамор, 1947) жана Т. Т. Хрюкиндердин (мрамор, 1948), Соц. Эмг. Баатыры Н. Ниязовдун (коло, 1948) портреттери үчүн СССР мамл. сыйл. (1946, 1948, 1949), индиялык саясый ишмерлердин портреттери үчүн Неру атындагы сыйл. (1958) алган. Эки Ленин ордени, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]