Гальтунг, Юхан

Википедия дан

Юхан Гальтунг (1930-ж. т.,) – норвегиялык социолог.

Футурология, эл аралык мамиле, «үчүнчү дүйнө» өлкөлөрүн өнүктүрүү, конфликттин социологиясы алкактарында иштейт. Системалык изилдөө, табият илимдеринин методдорун колдонууну жактайт. Тышкы конфликттерди баамдаш үчүн, конфликттешкен тараптардын ички тартиби жана тилектештиги жөнүндө түшүнүк алуу керек. «Агрессиянын структуралык теориясында» Гальтунг салыштырма этология менен стратификациянын функционалдык теориясына таянат.

Гальтунг конфликттик социалдык процесстердин алкагы менен зомбулук түшүнүгүн башка адамдарга «толук жашоого» тоскоолдук кылган бардык ишмердүүлүктөргө таратат. Маселен, ресурстарды тең бөлүштүрбөгөндүктүн натыйжасында ачкачылыктан каза табуу – бул зомбулук. Өзүнүн «тынчтыктын моделдеринде» (тынчтыкта өнүгүү) Гальтунг Гоноосфераны гумандаштыруу, коом менен жаратылыштын катнашын оптималдаштыруну жактаган экологиялык кыймылды колдойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8