Гамильтон

Википедия дан
Гамильтон.

ГамильтонУлуу Британия ээлиги Бермуда аралдарынын административдик борбору (1815-жылдан). Калкы 0,9 миң (2006). Бермуда аралынын борбордук бөлүгүндө. Аралдагы башкы порт (негизинен туристтердин кемелери менен яхталарын тейлейт; контейнер терминалы). 1790-ж. негизделген. 1897-жылдан шаар статусуна ээ. Деңиз жээгин бойлой курулган курулуштар, ратуша, кафедралуу собор (1911), Ыйык Эндрю чиркөөсү (1846), Виндзор аксарайы, Гамильтон форту (19-кылымдын ортосу) сакталган. Музей, улуттук галерея, король яхта-клубу бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Чет өлкөлүк камсыздоо жана финансы компаниялары (салыктан жеңилдетилген) иштейт. Турист бизнеси жана чекене соода өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]