Федерико Гарсиа Лорка

Википедия дан
Гарсиа Лорка Федерико‎»‎ барагынан багытталды)

Гарсиа Лорка Федерико (1898—19. 8. 1936) — испан акыны, дра­матург.

Гранада университетин бүтүргөн 1929—30-ж АКШ менен Кубада болуп, капит. дүйнөдөгү терс көрүнүштөрдү «Акын Нью-Йоркто» ыр жыйнагында (1940) көрсөткөн.

Драмалык чыгармаларында («Мариана Пинеда», 1925) сүйүүнү даңктап, өлүмдү жектейт, зулумдукту ишкерелейт. «Кан төгүлгөн той» (1933), «Иерма» (1934), «Бернарда Альбанын үйү» (1936) аттуу белгилүү драмалык чыгармалардын автору. Гарсиа Лорканын каармандары эскиликке карты аёосуз күрөшөт. Испа­ния республика болуп жарыяланганда (1931), өз өлкөсүнүн алдыңкы жазуучуларынын тобуна кошулган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.