Дэвид Гартли

Википедия дан
Гартли, Дэвид‎»‎ барагынан багытталды)
Дэвид Гартли.

Дэвид Гартли (1705–1757) – англис философу, психологу, медиги; ассоциативдик психологияны негиздөөчүлөрдүн бири.

Гартлинин айтуусу б-ча, тышкы чөйрөнүн таасири адамдын сезим органдарына вибрация (титирөө, термелүү) пайда кылат да, алар мээге жеткизилет. Вибрациянын тартиби, тездиги, багыты мээде руханий жаратылышы бар кандайдыр бир сезимдерди ж-а идеяларды жаратат. Гартли биринчи болуп кайталануунун баттыгынан ж-а психикалык кубулуштардын алгачкы ассоциацияларынын татаалдашынын натыйжасында психикалык ишмердүүлүк акырындык м-н түзүлөт деп, ассоциация механизмин адамдын психикалык ишмердүүлүгүн түшүндүрүүчү принципке айландырган. Ушуга окшоштуруп жалпы түшүнүктөрдүн пайда болушун кайталап түшүндүргөн. Психиканы түшүнүүнүн андан ары өнүгүшүнө зор таасир кылган ушул пикирлерди Гартли өзүнүн «Адам, анын түзүлүшү, анын милдети жана үмүттөнүүсү жөнүндө ой жүгүртүү» (1749) деген эмгегинде баяндаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]